2025-жылдын 1-августунан тартып «Смарт Бажы» маалыматтык тутумунун айрым компоненттери ишке киргизилет

31.07.20251

2025-жылдын 1-августунан тартып Мамлекеттик бажы кызматы «Смарт Бажы» улуттук санариптик платформасынын айрым компоненттерин өндүрүштүк пайдаланууга киргизе баштайт.

Ишке ашырылган чечимдер бажы жол-жоболорунун бир бөлүгүн, анын ичинде документтерди тариздөөнү жана берүүнү, өткөрүү пункттарында товарларды жана транспорттук каражаттарды каттоону, ошондой эле бажы транзитинин бажылык жол-жобосу менен байланышкан процесстерди кайра иштеп чыгууну электрондук форматка өткөрүүнү камсыз кылат.  

Бул иш-чараларды ишке ашыруу операцияларды аткаруу убактысын кыскартууга, процесстердин ачыктыгын жогорулатууга жана бажылык башкаруу жол-жоболорун унификациялоого багытталган.

Ошол эле учурда транзиттик декларацияларды иштетүү «Смарт Бажы» платформасы аркылуу жүргүзүлөт жана буга чейин колдонулуп келген БАМСты колдонуу токтотулат.

Ишке киргизгенден кийин алгачкы үч күндүн ичинде (1-августтан 3-августка чейин) маалыматтык системалардын иштешинде кыска мөөнөттүү үзгүлтүктөр болушу мүмкүн. Техникалык кыйынчылыктарды жоюу боюнча  ыкчам иштер жүргүзүлөт.

Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары суроолор боюнча төмөнкү байланыш маалыматтары боюнча жооптуу адистерге кайрыла алышат:

  • Ибраимов Марсель, тел. +996 708 046 332;
  • Жылкычиев Мирбек, тел. +996 507 171 712;
  • Шалабаев Таалай, тел. +996 559 333 395;
  • Сапаров Нурбек, тел. +996 554 979 710.