2026-жылы электромобилдерди алымсыз алып кирүү боюнча квота толук пайдаланууга жакындады
22.09.20260
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы 2026-жылга белгиленген электромобилдерди Кыргыз Республикасынын аймагына алымсыз алып кирүү боюнча квотанын толук пайдаланууга жакындап калгандыгын маалымдайт.
2026-жылга Евразия экономикалык бирлигинин ТЭИ ТН коддору 8703 80 000 3 жана 8703 80 000 5 боюнча классификациялануучу, импорттук бажы алымын төлөөдөн жеңилдик колдонулган 25 000 электромобилге квота белгиленген.
Квотанын пайдаланылган жана калган көлөмү тууралуу актуалдуу маалымат МБКнын customs.kg расмий сайтында автоматтык түрдө жаңыланып турат. Онлайн-эсептегич белгиленген жеңилдикти колдонуу менен электромобилдерди бажылык тариздөө жүргүзүлгөн сайын жаңыланат.
Квота толук пайдаланылгандан кийин электромобилдерди алып кирүүдө ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифине ылайык бажы наркынын 15 пайызы өлчөмүндө импорттук бажы алымы алынат.
МБК электромобилдерди алып кирүүнү пландаштырууда бул маалыматты эске алууну жана квотанын актуалдуу абалы тууралуу маалыматты Мамлекеттик бажы кызматынын customs.kg расмий сайтынан көзөмөлдөп турууну сунуштайт.