Адистештирилген окутуу бажысында КМШ бажы кызматтарынын кинологдорунун мелдештери өтүп жатат

19.08.20250

  2025-жылдын 18-августунан 21-августуна чейин КМШга мүчө-мамлекеттердин Бажы кызматтарынын башчыларынын Кеңешинин Укук коргоо органдарынын жетекчилеринин комитетинин Кинологиялык ишмердиктин маселелери боюнча жумушчу тобунун алкагында Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жыйындар жана мелдештер өтүп жатат.

  Иш-чаранын уюштуруучусу - Мамлекеттик бажы кызматы. Негизги иш-чаралар Адистештирилген окутуу бажысында ЕККУнун Программалык кеңсесинин колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Программага төмөнкүлөр камтылган:

- КМШга мүчө-мамлекеттердин бажы кызматтарынын кызматтык иттери менен кинолог-адистердин XIII мелдеши;

- Жумушчу топтун отуруму;

- практикалык семинарлар.

  18-августта кызматтык иттер менен кинолог-адистердин XIII мелдешин ачуу аземи болуп, катышуучулар жүктөн жана жеңил унаалардан баңгизаттарды издөө дисциплиналары боюнча ат салышты.

  19-августта командалар Кант шаарындагы жүк ташуучу унаалардан, ошондой эле Адистештирилген окутуу бажысынын имараттарында баңгизаттарды издөө боюнча тапшырмаларды аткарышат.

  20-августта “Баш ийүү” дисциплинасына арналган программа. Ушул эле күнү сынактын салтанаттуу жабылышы жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи болот.

  21-августта КМШ мамлекеттеринин Бажы кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин Укук коргоо бөлүмдөрүнүн башчыларынын комитетинин кинологиялык ишмердүүлүк маселелери боюнча жумушчу тобунун 32-жыйыны, ошондой эле ЕККУнун экспертинин катышуусунда практикалык семинар өтөт.

  Иш-чаралар тажрыйба алмашуу, кинологдордун квалификациясын жогорулатуу жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.