Адистештирилген окутуу бажысында товарларды жашыруу ыкмаларын аныктоо боюнча семинар болуп өттү
07.10.20260
Адистештирилген окутуу бажысында Мамлекеттик бажы кызматынын 14 кызматкери катышкан «Товарларды ташуу ыкмалары жана аныктоо методдору, жаңы тенденциялар менен жаңычылдыктарды эске алуу» аттуу окуу семинары өткөрүлдү.
Семинардын жүрүшүндө товарларды бажылык контролдон жашыруунун жана ташуунун заманбап ыкмалары, аларды аныктоо жолдору, ошондой эле ыкчам-издөө ишмердигинин актуалдуу маселелери жана бажы органдарынын башка укук коргоо органдары менен биргелешкен иш-аракеттери каралды.
Укук бузууларды, товарлардын жашырылышы мүмкүн болгон белгилерин аныктоодо жана бажы контролунун ыкмаларын өркүндөтүүдө алынган билимдерди иш жүзүндө колдонууга өзгөчө көңүл бурулду.
