Адистештирилген окууту бажысында Ачык эшиктер күнү өткөрүлдү

18.09.20260

2026-жылдын 17-сентябрында Адистештирилген окутуу бажысында Мамлекеттик бажы кызматынын 35 жылдыгына арналган «Ачык эшиктер күнү» өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында Ленин айылындагы В.И. Ленин атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин жогорку класстарынын окуучулары бажы органдарынын ишмердүүлүгү, негизги милдеттери жана мамлекеттин экономикалык коопсуздугун камсыз кылууда ролу менен таанышышты.

Окуучуларга бажы кызматынын ишмердүүлүгү тууралуу презентация жана видеоматериалдар көрсөтүлдү. Ошондой эле, өспүрүмдөр  жүктү текшерүүдө жана тыюу салынган буюмдарды аныктоодо колдонулуучу рентген-телевизиондук жабдуунун (интроскоптун) иштөө тартиби, кызматтык макеттер жана кинологиялык кызматтын өзгөчөлүктөрү менен таанышышты.

Иш-чарага музыкалык мектептин окуучуларынын музыкалык чыгармаларды аткаруусу өзгөчө маанай тартуулады.

Жолугушуунун соңунда окуучулар бажы кызматынын кызматкерлерине кызыктырган суроолорун берип, бажы органдарындагы кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу кошумча маалымат алышты.

Мындай Ачык эшиктер күндөрүн өткөрүү жаштарга кесиптик багыт берүүдө, ошондой эле окуучулардын мамлекеттик кызмат жана бажы органдарынын ишмердүүлүгү тууралуу түшүнүгүн кеңейтүүдө маанилүү роль ойнойт.