Алмаз Салиевге «бажы кызматынын генерал-майору» жогорку атайын наамы ыйгарылды

13.05.20260

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиевге «бажы кызматынын генерал-майору» жогорку атайын наамы ыйгарылды.


Мамлекеттик бажы кызматынын жамааты Алмаз Абдылдаевичти жогорку наамга ээ болушу менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын жыргалчылыгы үчүн кызматтык ишмердүүлүгүндө мындан аркы ийгиликтерди каалайт.