Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө

17.03.20251

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун «Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын алкагында түзүлгөн ведомстволор аралык топтун иши аяктады.  Жарлыкка ылайык, Министрлер Кабинетине эки айлык мөөнөттө жол-жобону бекитүү тапшырылды.

Ведомстволор аралык жумушчу топ алдыга коюлган бардык тапшырмаларды ийгиликтүү аткарып, Кыргызстанга алынып келинген чет элдик номурлуу унааларды мыйзамдаштырууга жардам бере долбоорду даярдады. Бул долбоор коомдук талкуу порталында (https://koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган, бардык каалоочулар 2025-жылдын 6-апрелине чейин өз пикирлерин калтыра алышат.

Мындан тышкары, бажы кызматы кармалган унааларды сактоонун баасын арзандатууну сунуштады. Жаңы тариф күнүнө 500-1000 сомдун ордуна 100 сомду түзөт. Анын бекитилиши жакын арада күтүлүүдө.

Бардык зарыл болгон ченемдик-укуктук актылар кабыл алынгандан кийин жарандар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикте өз автоунааларын расмий каттоодон өткөрө алышат.