Автоунааларды мыйзамсыз каттоо жана ташып келүү фактылары аныкталды

27.02.20251

«Түндүк-Чыгыш» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бажы мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталды.

  Текшерүүнүн жүрүшүндө 2006-жылы чыгарылган LEXUS RX 400H үлгүсүндөгү унаа Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикте мыйзамсыз катталгандыгы аныкталган. Кыргыз Республикасынын жараны «А.у.А.» жасалма каттоо күбөлүгүн колдонуу менен каттоо жүргүзгөн. Мамлекетке келтирилген зыян 1 531 612 сомду түздү.

Ошондой эле мыйзам бузуулар төмөнкү транспорт каражаттарын ташып келүүдө аныкталган:

• ЖИ «К.М.Э. » дарегине келген ISUZU NQR 71 PL.

• «Н.» ЖЧКнын дарегине Кытайдан ташылып келген HOWO

  Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 301-беренесине ылайык, КНСтен бошотуу менен “Ички керектөө үчүн чыгаруу” бажы жол-жобосу боюнча таризделген жүк ташуучу унаалар чыгарылган күндөн тартып 60 айдын ичинде ээликтен ажыратылбайт. Бирок, аталган автотранспорттордун ээлери белгиленген талаптарды бузуп, аларды бажы органдарынын уруксатысыз жана зарыл болгон бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн сатып жиберишкен. Мамлекетке 1 111 906 сом зыян келтирилген.

ЕАЭБ Бажы кодексинин 126-беренесине ылайык, шарттуу түрдө чыгарылган товарларды ЕАЭБ товарлары статусуна ээ болгонго чейин үчүнчү жактарга берүүгө, анын ичинде сатууга же башка жол менен ажыратууга тыюу салынат.

Аныкталган фактылар КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар белгиленген тартипте кароо үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.