Бажы эрежелерин бузуу фактысы боюнча бюджетке 2,6 млн сомдон ашык каражат кайтарылды

29.04.20260

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери АКШдан товарларды алып келүүдөгү мыйзам бузууну аныкташты.

 «Манас» аэропорту аркылуу бир компаниянын дарегине келип түшкөн жүк «Темир жол вокзалы» БТЖда текшерүүгө алынган. Документ боюнча товарлар колдонулган кийим-кече, ноутбуктар жана тетиктер катары көрсөтүлгөн. Бирок текшерүү учурунда техниканын бир бөлүгү жаңы экени, ошондой эле декларацияланбаган жаңы электрондук товарлар бар экени аныкталган.

Табылган буюмдардын арасында белгилүү бренддердин планшеттери, ноутбуктары, смарт-сааттары, аудио түзүлүштөрү жана оюн консолу табылган.

Товарлар алынып, убактылуу сактоо кампасына жайгаштырылды. Соода-өнөр жай палатасынын баалоосу жана бажы органдарынын эсептөөлөрүнө ылайык, төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн жана айып пулдун жалпы суммасы 2,6 млн сомдон ашкан.