Бажы кызматынын кызматкерлери электрондук коммерция жана эл аралык почта көзөмөлү боюнча окуудан өтүштү
18.02.20260
Адистештирилген окутуу бажысынын базасында “ЕАЭБде электрондук коммерцияны (E-commerce) көзөмөлдөөнү жөнгө салуу жана уюштуруу. ЕАЭБ чек арасы аркылуу товарларды эл аралык почта аркылуу жөнөтүү” деген темада окутуу семинары өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзам базасын, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 43-1-главасынын жоболорун карап чыгышты. ЕАЭБ чек арасы аркылуу ташылып өтүүчү товарларды, анын ичинде эл аралык почта жөнөтүүлөрүн жана онлайн сатып алынган товарларды декларациялоо жана бажы көзөмөлүн жүргүзүү тартибине өзгөчө көңүл бурулду.
Бажы алымсыз импорттоо үчүн баалуулук жана салмак чектөөлөрүн сактоо, тыюу салууларды жана чектөөлөрдү колдонуу, ошондой эле белгиленген эрежелерди бузгандыгы үчүн жоопкерчилик маселелери да талкууланды.
Семинарга бажы кызматынын жыйырма үч кызматкери катышты.
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)