Бажы органдарында мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча семинарлар өткөрүлдү

22.06.20260

2026-жылдын июнь айында Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерин окутуу планынын алкагында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана улуттук иденттүүлүктү чыңдоо темасында окуу семинарлары өткөрүлдү.

Иш-чаралар «Жалал-Абад», «Ош» жана «Баткен» бажыларынын базасында болуп өттү. Окууга бажы органдарынын 45 кызматкери катышты.

Семинарлардын жүрүшүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүү, кызматкерлердин тил маданиятын жогорулатуу, ошондой эле «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Уңгужолуна ылайык улуттук жана руханий-адептик баалуулуктарды чыңдоо маселелери каралды.

Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин жогорулатуу, улуттук баалуулуктарды урматтоо жана маданий мурасты сактоо бажы кызматынын кадрдык дараметин өнүктүрүүнүн маанилүү бөлүгү болуп калууда.