Бажы текшерүүсүнүн жүрүшүндө 4 миллион сомдон ашык карыз аныкталды
17.04.20250
Мамлекеттик бажы кызматынын Бажылык текшерүү башкармалыгынын кызматкерлери «Б.К.И.» жабык акционердик коомуна жеринде текшерүү жүргүзүүдө бажы мыйзамдарынын ченемдерин бузууларды аныкташты.
Ишкана ЕАЭБдин Тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн товардык номенклатурасы боюнча товарларды туура эмес классификациялагандыгы аныкталган. Натыйжада кошумча эсептелген бажы төлөмдөрүнүн суммасы 4 122 048 сомду түздү.
Азыркы учурда «Б.К.И.» ЖАК тарабынан тийиштүү бажы төлөмдөрү толугу менен төлөндү.