“Бишкек ЭЭЗ” бажысында тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары менен өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды

28.07.20260

“Бишкек ЭЭЗ” бажысында бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнүн, тышкы экономикалык ишмердиктин (ТЭИ) катышуучуларынын, бажы өкүлдөрүнүн жана бажы операциялары боюнча адистердин катышуусунда Консультативдик кеңештин жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө бажылык башкарууну өркүндөтүү, бажы жол-жоболорун санариптештирүү, «Смарт Бажы» маалыматтык системасын ишке киргизүү, ошондой эле товарлардын декларациясынын айрым графаларын толтуруу тартиби боюнча маселелер талкууланды. Ошондой эле бажы органдарынын ишинин ачыктыгын камсыз кылуу, коррупциянын алдын алуу жана тышкы соода жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Белгиленгендей, заманбап санариптик чечимдерди киргизүү жана бизнес өкүлдөрү менен ачык диалог жүргүзүү бажылык тариздөө мөөнөттөрүн кыскартууга, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга жана административдик тоскоолдуктарды азайтууга өбөлгө түзөт.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча катышуучулар Консультативдик кеңештин алкагындагы туруктуу өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Мындай жолугушуулар актуалдуу маселелерди ыкчам кароого, бизнестин сунуштарын эске алууга жана бажылык башкарууну мындан ары өркүндөтүүгө багытталган биргелешкен чечимдерди иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

Видеону толук көрүү үчүң басыңыз