Бишкекте «Бажы иши» боюнча ЖОЖдор аралык викторина өттү

21.04.20250

Адистештирилген окутуу бажысында «Бажы иши» багыты боюнча билим алып жаткан 3-5-курстун студенттери арасында ЖОЖдор аралык викторина өткөрүлдү. Иш-чаранын темасы “Бажы иши чөйрөсүндөгү кадрлар резервин түзүүнү уюштуруу”.

Командалар бажы органдарында кызмат өтөөдө укуктук жана уюштуруучулук сабаттуулук боюнча билимдерин жогорулатышты. Катышуучулардын арасында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, ОшМУнун жана И.Раззакова атындагы КМТУнун студенттери бар.

Викторинанын уюштуруучулары – КУУнун Укук жана бажы иштери кафедрасы жана Адистештирилген окутуу бажысы.

Мындай иш-чараларды өткөрүү келечектеги адистердин кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, билим берүү мекемелери менен бажы кызматынын ортосундагы өз ара байланышты чыңдоого жана бажы иши тармагында кадрдык резервди түзүүгө багытталган.