Брестте КМШ жана ЕАЭБдин бажы кызматтарынын жетекчилеринин жыйындары өттү
25.09.20260
2026-жылдын 23–24-сентябрында Беларусь Республикасынын Брест шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Бажы кызматтарынын жетекчилер кеңешинин 83-жыйыны жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин Бажы кызматтарынын биргелешкен коллегиясынын 55-жыйыны болуп өттү.
Жыйындарга КМШга мүчө мамлекеттердин жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты. Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы А. Салиев жетектеген делегация катышты.
КМШга мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын жетекчилер кеңешинин жыйынында бажы тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, маалымат жана тажрыйба алмашуу, бажы администрациясын санариптештирүү жана кадрларды даярдоо маселелери каралды.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын биргелешкен коллегиясынын 55-жыйынынын алкагында бажы администрациясы жана бажылык контролдоо, товарларды ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык классификациялоо, ошондой эле тобокелдиктерди башкаруу механизмдерин колдонуу боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.
Кесиптик өз ара байланышты өнүктүрүүгө да өзгөчө көңүл бурулду. Минск шаарында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын өкүлдөрүнүн арасында оператор-аналитиктердин жана инспекциялык-текшерүү комплекстеринин адистеринин багыттары боюнча кесиптик чеберчилик сынагы өттү. Анын катышуучулары практикалык тажрыйба алмашып, кесиптик көндүмдөрүн көрсөтүштү.
2026-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгы белгиленүүдө. Өткөн жылдар аралыгында КМШ мамлекеттердин, анын ичинде бажы тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн маанилүү аянтчалардын бири болуп калды.
Жыйындардын жыйынтыгында бажы тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө, бажы администрациясын өркүндөтүүгө жана бажы органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
.jpeg)

.jpeg)
.jpeg)



