Брюсселде МБК КР жана БДБУ ортосундагы кызматташтыктын келечеги талкууланды

30.06.20260

Брюсселде, Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун (БДБУ) Кеңешинин 147/148-жылдык сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев менен БДБУнун Башкы катчысы Ян Сондерсинин эки тараптуу жолугушуусу өттү.

Тараптар МБК менен БДБУ ортосундагы мындан аркы кызматташтыктын келечегин талкуулашты.

Алмаз Салиев Башкы катчыны жүргүзүлүп жаткан бажы кызматын модернизациялоо тууралуу маалымат менен тааныштырды. Айрыкча бажы администрлөөнүн санариптик трансформациясына, заманбап маалыматтык-аналитикалык чечимдерди киргизүүгө, интеллектуалдык тобокелдиктерди башкаруу системаларын жана алдын ала маалыматтарды талдоо технологияларын колдонууга өзгөчө көңүл бурулду. Жүргүзүлүп жаткан реформалар Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун эл аралык стандарттарына жана сунуштамаларына ылайык ишке ашырылып жатканы белгиленди.

Өзгөчө көңүл Мамлекеттик бажы кызматынын Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун инновациялык санариптик технологияларды жана интеллектуалдык тобокелдиктерди башкаруу системаларын киргизүүгө багытталган пилоттук долбоорлоруна катышуусун кеңейтүү маселелерине бурулду.

БДБУнун Башкы катчысы Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан реформаларды жогору баалап, алардын заманбап эл аралык бажы администрлөө ыкмаларына шайкештигин белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууга даяр экендигин ырасташты, ошондой эле БДБУнун Башкы катчысынын Кыргыз Республикасына 2026-жылдын экинчи жарымында иш сапары макулдашылды.