Будапешт шаарында Өзбекстандын Мамлекеттик бажы комитетинин жетекчиси менен эки тараптуу жолугушуу болду
18.04.20250
Венгриянын Будапешт шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн бажы кызматтарынын жетекчилеринин биринчи расмий эмес жолугушуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы А.Салиев менен Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы А.Ю. Мавлоновдун эки тараптуу жолугушуусу өттү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланып, мамлекеттик чек ара аркылуу товарларды жана транспорттук каражаттарды алып өтүүнү тездетүүгө багытталган өз ара аракеттенүүнүн перспективалары аныкталды. Өзгөчө көңүл кыргыз-өзбек чек арасындагы өткөрүү пункттарынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу чараларына бурулду.
Тараптар жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана эки тараптуу сооданы өнүктүрүү максатында жакынкы аралыкта чек арадагы бардык өткөрүү пункттарына көчмө иш-чараларды өткөрүү боюнча макулдашууга жетишти.