Дары-дармек каражаттарын импорттоодо КНС боюнча жеңилдикти мыйзамсыз колдонуу фактысы аныкталды
06.07.20260
Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери дары-дармек каражаттарын импорттоодо КНС төлөөдөн бошотуу боюнча жеңилдикти мыйзамсыз колдонуу фактысын аныкташты.
«Н.В.С.О.» компаниясы дары-дармек каражаттарын ташып келүүдө иш жүзүндө салыктан бошотулган дары-дармектер тизмесине дал келбеген товарга КНС боюнча жеңилдик колдонгону аныкталды. Дары каражаттарынын бир бөлүгү эриткич (лидокаин) менен бир комплектте импорттолгон, бул дары каражатынын чыгарылыш формасын өзгөртөт жана аталган жеңилдикти колдонуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат.
Мыйзамсыз колдонулган жеңилдиктин жалпы суммасы 1,2 млн сомдон ашты.
Материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына жөнөтүлдү.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында мамлекеттик бюджетке келтирилген зыян толугу менен өндүрүлдү. Бюджетке 1 303 558 сом түшүрүлдү.

