Казакстанда ЕАЭБдин Бириккен бажы кызматтары коллегиясынын жана КМШнын Бажы кызматтарынын жетекчилер кеңешинин жыйындары өттү

12.06.20260

2026-жылдын 11-июнунда Казакстан Республикасынын Бурабай айылында Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын Бириккен коллегиясынын 54-жыйыны жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) катышуучу мамлекеттердин бажы кызматтарынын жетекчилер кеңешинин 82-жыйыны болуп өттү.

Иш-чараларга МБКнын төрагасы А.А. Салиев жетектеген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын делегациясы катышты.

Жыйындын жүрүшүндө бажы тармагындагы кызматташууну өнүктүрүү, бажы процесстерин санариптештирүү, заманбап маалыматтык технологияларды жана жасалма интеллектти киргизүү, тобокелдиктерди башкаруу системасын өркүндөтүү, маалымат алмашуу жана бажылык транзит маселелери талкууланды.

КМШнын Бажы кызматтардын жетекчилер кеңешинин жыйынынын негизги жыйынтыктарынын бири катары Товарлардын транзиттик ташууларын жөнөкөйлөтүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул документ транзиттик жол-жоболорду өркүндөтүүгө, маалыматтык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана эл аралык соода үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин Бажы кызматтарынын бириккен коллегиясынын жана КМШга катышуучу мамлекеттердин Бажы кызматтарынын жетекчилер кеңешинин жыйындарынын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ жана КМШга катышуучу өлкөлөрдүн бажы кызматтарынын ортосундагы кызматташууну жана практикалык өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүгө багытталган чечимдерге кол коюлду.