Контрафактка каршы заманбап ыкмалар

21.04.20250

«Адистештирилген окутуу» бажысында React Central Asia ассоциациясынын көмөгү менен «Контрафакттык товарларды аныктоодо эл аралык тажрыйба» темасында семинар өттү.

  Окутуу 2025-жылга бажы кызматынын кызматкерлерин окутуу планынын алкагында уюштурулган. Катышуучулар жасалма товарларды идентификациялоонун эл аралык практикасы жана инструменттери, түпкү продукциянын контрафакттык продукциядан айырмачылыктары, ошондой эле укук ээлери жана профилдик уюмдар менен өз ара аракеттенүү механизмдери менен таанышты.

  Иш-чарага төмөндөгүлөр катышты:

  • Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын 15 кызматкерлери,

  • Кыргызпатенттин өкүлдөрү,

  • эл аралык компаниялардын интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо боюнча адистер: Puma, OSRAM, Colgate.

  Семинар бажы кызматынын кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатууга, контрафакттык продукцияны аныктоо жана жүгүртүүгө бөгөт коюу жаатында алардын билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн тереңдетүүгө багытталган.