КР ФМ караштуу МБКнын “Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин формалык кийими жана буюм үлүшүнүн ченемдери маселеси жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

20.03.20250

“Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 3-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын 140-беренесинин 3-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүлүп берилүүчү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын Тизмесинин 1-пунктуна ылайык, буйрук кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2022-жылдын 21-декабрындагы
№ 35-10/394 “Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин формалык кийими жана буюм үлүшүнүн ченемдери маселеси жөнүндө” буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин формалык кийими жана буюм үлүшүнүн ченемдери жөнүндө жобонун:

- 3-пунктундагы “жайкы” деген сөздөн кийин “жазгы-күзгү” деген сөздөр менен толукталсын;

- 5-пунктунун үчүнчү абзацындагы “фуражканын” деген сөзгө чейин “бийиктиги 9 см” деген сөздөр менен толукталсын;

- 7-пунктундагы:

экинчи абзацта “төрт катар сегиз топчуга” деген сөздөр “үч катар алты топчуга” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Жеңдери орнотулма, эки тигиштүү, жеңдин арткы тигиши тилик менен бүтөт.”;

- он биринчи абзацта “болот түсүндөгү” деген сөздөр “кочкул көк түстөгү” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- төмөнкү мазмундагы 7-1-пункт менен толукталсын:

“7-1. Күндөлүк кийилүүчү мундир.

Классикалык түрдө бычылган, көрүнүшү жарым-жартылай денеге кыналган, Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, диаметри 24 мм болгон, үч катар алты топчуга топчулана турган эки борттуу, кочкул көк түстөгү жүн костюм кездемесинен (жүн 50%дан кем эмес) тигилген мундир. Астары жасалма жибектен.

Жакасы кайырма пиджак тибинде, өлчөмү орто, орточо раскепи менен, лацкандардын бурчтары жогору көтөрүлгөн.

Алдында, сандын линиясында Мамлекеттик герби түшүрүлгөн диаметри 13 мм болгон топчуга топчулана турган, кооз формалуу, бурчтары бир аз тегеректелген капкалдырыктуу 20-22 см болгон тилик чөнтөктөр жайгашкан, чөнтөктүн ортосунан жазылыгы 4 см болгон декоративдүү деталы тигилет.

Учасы каптал рельефи менен, борбордук тигиш тилик менен бүтөт.

Жеңдери орнотулма, эки тигиштүү, жеңдин арткы тигиши тилик менен бүтөт.

Жеңдин төмөн жагы бүгүлүп тигилген, жеңдин жогорку деталында төмөнкү линиядан 10-12 см аралыкта түсү негизги кездемеге окшош же ага контраст, эки катар кооздолгон декоративдүү тасма тигилген.

Ийиндин линиясында кочкул-көк түстөгү катуу погондор жайгаштырылган.

Капкалдырыктарда жазылыгы 0,1 см болгон кооздолгон тигиш бар.

Сол жана оң жеңде шеврондор жайгаштырылат.

Шым кочкул көк түсүндөгү жүн кездемеден (жүн 50%дан кем эмес) тигилген, темир илгич жана топчу топчулана турган кайып тигилген бел курчоосу бар. Бел курчоосу ичке, кур үчүн өткөргүчтөрү бар. Шымдын арткы оң жагында 1 топчуга топчулана турган кооз формалуу капкалдырыктуу чөнтөк салынган. Каптал тигишине чөнтөктөр жана кыюу салынган, кыюунун эки жагында жашыл түстөгү лампастар тигилген. Шымдын алдыңкы астары ичтелген. Шымдын этегинин эни 21 см кем эмес.”;

- 8-пунктунун алтынчы абзацында “кочкул бос түстөгү” деген сөздөр “кочкул көк түстөгү” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2-главанын 2§ төмөнкүдөй мазмундагы 29-1-29-2-пункттар менен толукталсын:

“29-1. Өкүлчүлүк шляпа.

Кочкул көк түстөгү шляпа (өкүлчүлүк-болот түстүү) боз түстөгү тегерек калпактан жана талаасынан турат. Калпактын ылдый жагына кочкул көк түстөгү тасма тагылып, үстүнкү чети маңдай жагына бекитилет. Тасманын үстүңкү четинде милте жашыл түстө болот.

Шляпанын маңдай кырынын үстүндөгү тасмага Мамлекеттик герб түшүрүлгөн, диаметри 13 мм болгон алтын түстөгү эки формалык топчуга алтын түстүү өрүлгөн боо топчуланат.

Шляпанын калпагынын алды жагында тасманын үстүнкү четине лавр бутактары түрүндө алтын түстүү сайма менен алкакталган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн кокарда жайгашкан.

29-2. Күндөлүк кийилүүчү - шляпа.

Кочкул көк түстөгү шляпа тегерек калпактан жана талаадан турат. Калпактын ылдый жагына кочкул көк түстөгү тасма тагылып, үстүнкү чети маңдай жагына бекитилет. Тасманын үстүңкү четинде жашыл түстө милте болот.

Шляпанын маңдай кырынын үстүндөгү тасмага Мамлекеттик герб түшүрүлгөн, диаметри 13 мм болгон алтын түстөгү эки формалык топчуга алтын түстүү өрүлгөн боо топчуланат.

Шляпанын калпагынын алды жагында тасманын үстүнкү четине лавр бутактары түрүндө алтын түстүү сайма менен алкакталган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн кокарда жайгашкан.”;

- 30-пунктундагы:

экинчи абзацта “алты топчулукка жана алты топчуга” деген сөздөр “эки катар төрт топчуга” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Жеңдери кайып тигилген, эки тигиштүү, жеңдин арткы тигиши тилик менен бүтөт.”;

онунчу абзацтагы “болот түсүндөгү” деген сөздөр “кочкул көк түстөгү” деген сөздөр менен алмаштырылсын.;

- 2-главанын 2§ төмөнкүдөй мазмундагы 34-1-пункт менен толукталсын:

“34-1. Жылууланган булгаары күрмө

Көрүнүшү жарым-жартылай денеге кыналган, төрт горизонталдуу топчулукка жана төрт топчуга топчулана турган борбордук борттуу булгаарыдан күрмө, кайырма лацкандары бар, жылуулоочу ичтемеси менен кайып тигилген астары, чечилме куру жана таралгасы, мех менен жылуулатылган мех жакасы бар.

Өңүрлөрү жантайыңкы тигилген кокеткалары менен, кокеткалардан этегине чейин каптал бөлүктөрү кесилген Өңүрдүн каптал бөлүктөрүндө тилик капкалдырыктуу чөнтөктөр жайгашкан.

Капкалдырыктарда жашыруун магниттик бекиткичи бар. Кара же каралжын боз түстөгү каракүлдөн чечилме мех жака жана чечилме тери бүчүлөмө менен комплектелет.”;

- 49-пункттун экинчи абзацындагы “Төбөсү бийик эмес” деген сөздөр “Төбөсүнүн бийиктиги 9 см,” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 57-пунктундагы:

үчүнчү абзацта “кара же каралжын боз түстөгү” деген сөздөр “каралжын боз түстөгү” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Ортосунан ички сыдырмалуу бекиткичи борттук, жашыруун топчулук менен үстүнөн жабылат”.

- 4§ төмөнкүдөй мазмундагы 76-1 жана 83-1 -пункттар менен толукталсын:

“76-1. Өкүлчүлүк шляпа.

Кочкул көк түстөгү шляпа тегерек калпактан жана талаасынан турат. Калпактын ылдый жагына кочкул көк түстөгү тасма тагылып, үстүнкү чети маңдай жагына бекитилет. Тасманын үстүңкү четинде милте жашыл түстө болот.

Шляпанын маңдай кырынын үстүндөгү тасмага Мамлекеттик герб түшүрүлгөн, диаметри 13 мм болгон алтын түстөгү эки формалык топчуга алтын түстүү өрүлгөн боо топчуланат.

Шляпанын калпагынын алды жагында тасманын үстүнкү четине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн кокарда жайгашкан.

Бажы кызматынын полковниги наамындагы офицерлер үчүн шляпанын калпагынын алды жагында тасманын үстүңкү четине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, лавр жалбырактары менен алкакталган кокарда жайгашкан.”;

“83-1. Жылууланган булгаары күрмө

Көрүнүшү жарым-жартылай денеге кыналган, төрт горизонталдуу топчулукка жана төрт топчуга топчулана турган борбордук борттуу булгаарыдан күрмө, кайырма лацкандары бар, жылуулоочу ичтемеси менен кайып тигилген астары, чечилме куру жана таралгасы, мех менен жылуулатылган мех жакасы бар.

Өңүрлөрү жантайыңкы тигилген кокеткалары менен, кокеткалардан этегине чейин каптал бөлүктөрү кесилген Өңүрдүн каптал бөлүктөрүндө тилик капкалдырыктуу чөнтөктөр жайгашкан.

Капкалдырыктарда жашыруун магниттик бекиткичи бар. Кара же каралжын боз түстөгү каракүлдөн чечилме мех жака жана чечилме тери бүчүлөмө менен комплектелет.

Бажы кызматынын полковниги наамындагы бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери болуп саналган кызматкерлер үчүн гана арналган.”;

- 105-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:

“Погондордо диаметри 22 мм жана 14 мм болгон алтын түстөгү беш бурчтуу жылдыз, формалык топчу, ал эми жогорку бөлүгүндө (параддык кителде тигилген погондордон тышкары) бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын зоот кийген, байыркы кыргыз жоокеринин силуэти бар, жерге учу менен кылыч тирелген, жоокер туткасын эки колу менен кысып турган калкан түрүндө, 2 см х 1,5 см өлчөмүндө, алтын түстүү айырмалоочу белгилери жайгаштырылат.”;

- 107-пунктунун тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:

“Погондун жогорку бөлүгүндө формалык топчу жана бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын зоот кийген, байыркы кыргыз жоокеринин силуэти бар, жерге учу менен кылыч тирелген, жоокер туткасын эки колу менен кысып турган калкан түрүндө, 2 см х 1,5 см өлчөмүндө, алтын түстүү айырмалоочу белгилери жайгаштырылат.”;

2) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлери үчүн формалык кийимдерин кийүү эрежелеринде:

15-пункттун жетинчи абзацындагы “каракүлдөн жасалган боз түстүү” деген сөздөр “каракүлдөн жасалган кочкул боз түстүү” деген сөздөр менен алмаштырылсын.