КР ФМге караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана КР ИИМ улуттар аралык наркотоптун ишине бөгөт коюшту

22.05.20250

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы КР ИИМ БМЖКККнын жана КР УКМКнын кызматкерлери менен бирге улуттар аралык уюшкан нарко топтун ишине бөгөт коюшту. 

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыштуу топтун катышуучулары баңги каражаттарын Кыргыз Республикасына, андан ары өлкөнүн аймагында, ошондой эле Борбордук Азия жана КМШ мамлекеттеринде жайылтуу менен туруктуу жеткирүү каналын жөнгө салгандыгы аныкталды.

Буга чейин “Манас” бажысынын контрабандага жана наркобизнеске каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери өлкөнүн түштүгүндө чет өлкөдөн баңгизат алып жаткан кылмыштуу топ иштеп жатканы тууралуу ыкчам маалымат алышкан. Лос-Анжелестен (АКШ) авиакаттам менен келген жүктү текшерүү учурунда “Манас” бажысынын кызматкерлери ашкана буюмдарына жамынган пакетти табышкан. Ичинде өсүмдүк заты бар төрт герметикалык вакуум баштыкта — гибриддик марихуана (“америкалык шишка”) аныкталган, жалпы салмагы 2 кг ашык болгон. Ыкчам -издөө иш-чараларынын жүрүшүндө наркотоптун эки активдүү катышуучусу – Кыргыз Республикасынын жараны З.А.С. жана Россия Федерациясынын жараны А.М.А. кармалышкан. Бир аздан кийин кылмыштуу схеманын уюштуруучусу жана куратору – Өзбекстан Республикасынын жараны Т.К.Т. кармалган. 

Ош облусунда эки дарек боюнча тинтүү учурунда атайын жабдуулар менен жабдылган эки нарколаборатория табылып, жок кылынды. Ошондой эле Telegram мессенджеринде иштеп жаткан «SAYONARA» аталыштагы баңгизаттарын саткан интернет дүкөндүн ишмердигине бөгөт коюлду.   

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Сот-эксперттик кызматынын корутундусуна ылайык мыйзамсыз жүгүртүүдөн төмөнкүлөр алынды: 

•  марихуана — салмагы 2,8 кг ашык 

•  мефедрон — салмагы 580 кг ашык 

•  прекурсорлор жана прекурсор даярдоо үчүн заттар —  1,5 тоннадан ашык.

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда. 

Видео: КР ФМге караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана КР ИИМ улуттар аралык наркотоптун ишине бөгөт коюшту