Квота менен ташылып келинген электромобилдерди мыйзамсыз өткөрүп берүү фактылары аныкталды
21.09.20260
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгы тарабынан КЭРден тарифтик жеңилдик колдонуу менен ташылып келинген беш электр кыймылдаткычы бар транспорт каражаттарын мыйзамсыз өткөрүп берүү фактылары аныкталды.
Электромобилдерди ташып келүүдө жеңилдиктерден пайдаланган Кыргыз Республикасынын жарандары тиешелүү бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн, аларды Россия Федерациясынын жарандарына өткөрүп беришкен.
ЕАЭБдин бажы мыйзамдарынын талаптарына ылайык, мындай транспорт каражаттарына карата ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укуктарын Россия Федерациясынын жарандыгы бар же Россия Федерациясында туруктуу жашаган адамдарга өткөрүп берүүгө жол берилбейт.
Аныкталган беш факты боюнча Кыргыз Республикасынын бюджетине келтирилген материалдык зыяндын суммасы туумдарды эске алуу менен 3 982 274 сомду түздү.
Топтолгон материалдар укуктук баа берүү үчүн МБКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Учурда КККББ ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуунун ушул сыяктуу фактыларын аныктоо боюнча текшерүү иш-чараларын улантууда. МБК жарандарды тарифтик жеңилдиктерди берүүнүн белгиленген шарттарын сактоо зарылдыгын эскертет. Мыйзамда белгиленген талаптарды бузуу менен электромобилдерди өткөрүп берүү бажы төлөмдөрүн эсептөөгө жана мыйзамда каралган башка жоопкерчилик чараларына алып келиши мүмкүн.