Кыргыз-кытай чек арасы: өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана жол-жоболорду оптималдаштыруу
20.03.20250
2025-жылдын 18-мартында Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялык районуна (СУАР) болгон иш сапарынан кайтып келе жатып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жетектеген Кыргыз Республикасынын делегациясы кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт-автожол» өткөрүү пунктуна барышты.
Иш сапардын жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев мамлекеттик контролдоочу органдардын кызматкерлери менен жумушчу кеңешме өткөрдү, анда өткөрүү пунктунун иштеши, товар жүгүртүүнүн өсүшү жана бажылык башкарууну оптималдаштыруу маселелери талкууланды.
Кеңешменин жыйынтыгында Бакыт Төрөбаев өткөрүү пунктунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган бир катар тапшырмаларды берди:
✔️ Тышкы экономикалык иштин катышуучулары үчүн ачык-айкындуулукту жана ыңгайлуулукту камсыз кылуу менен бажы жол-жоболорун оптималдаштыруу жана тездетүү;
✔️ Өткөрүү пунктунун үзгүлтүксүз иштеши үчүн контролдоочу органдардын ортосундагы координацияны күчөтүү;
✔️ Чек арадан өтүү убактысын кыскартуу жана административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү боюнча чараларды көрүү;
✔️ Бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу жана тышкы сооданын катышуучулары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.
Бул чаралар өткөрүү пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк берет, бул өз кезегинде Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода агымын көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.
Андан кийин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары У.А. Кимсанов дагы жумушчу кеңешме өткөрдү. Актуалдуу маселелерди талкуулоонун жүрүшүндө ал өзгөчө көңүл бурууну талап кылган негизги аспектилерди белгилеп, бажылык жол-жоболоштуруу процесстерин оптималдаштыруу жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча кошумча тапшырмаларды берди.
.jpg)
.jpg)
.jpg)
.jpg)
.jpg)