Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы МБКнын кадрлар резервине тандоо конкурсунун 2 жана 3-этаптарынын башталышы тууралуу жарыялайт.
04.07.20254
Конкурстун экинчи этабы - Компьютердик тестирлөө.
Мөөнөтү: 2025-жылдын 8 – 9-июлу.
Өткөрүүчү жери: Бишкек шаары, Байтик баатыр көчөсү 4а, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратынын имараты.
Талапкерлерди каттоо: саат 08:00.
Кийим формасы - классикалык кийим (үстүнкү кийим ак түстө, астынкы кийим кара түстө).
8 жана 9-июлга карата талапкерлердин тизмеси кошумча жайгаштырылган.
Конкурстун үчүнчү этабы – оозеки баарларшуу.
Мөөнөтү: 2025-жылдын 10 -11-июлу.
Өткөрүүчү жери: Бишкек шаары, Байтик баатыр көчөсү 4а, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратынын имараты.
Талапкерлерди каттоо: саат 08:00.
Жаныңызда паспорттун түп нускасы болушу зарыл. Паспортсуз талапкерге компьютердик тестирлөөнү тапшырууга жол берилбейт
Кийим формасы - классикалык кийим (үстүнкү кийим ак түстө, астынкы кийим кара түстө).
МААНИЛҮҮ: оозеки баарлашууга компьютердик тестирлөөнү ийгиликтүү тапшырган талапкерлер киргизилет.
Компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыктары менен кандидаттардын тизмелери 2025-жылдын 8-9-июлунда тесттен өтүү аяктагандан кийин мбкнын расмий сайтына (customs.gov.kg) жарыяланат.
2025-жылдын 10 жана 11-июлунда боло турган оозеки маектешүү талапкерлердин тизмелери 2025-жылдын 9-июлунда мбкнын расмий сайтына (customs.gov.kg) жарыяланат.