Кыргыз Республикасынын МБКнын кинологу баңгизаттарды издөө боюнча эл аралык чемпионатта күмүш байгеге ээ болду
04.06.20260
2026-жылдын 25-майынан 29-майын кошкон мезгилде Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын Борбордук бажысынын Кинологиялык борборунда бажы кызматынын генерал-майору Е.Н. Чухаревдин жаркын элесине арналган кызматтык-прикладдык спортту «Кинологдордун көп түрдүү мелдеши» боюнча Россия Федерациясынын бажы органдарынын ачык чемпионаты өттү. Мелдеш Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын 35 жылдыгына карата уюштурулду.
Чемпионатка ар кайсы мамлекеттердин бажы жана укук коргоо органдарынын кинолог-адистери катышты. Мелдештин программасы эки этаптан турду: биринчи этапта Россия Федерациясынын бажы органдарынын кинологдору күч сынашты, ал эми экинчи этапта - эл аралык эсептин алкагында — Россия Федерациясынын ИИМдин, Беларусь Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү өздөрүнүн кызматтык иттери менен катышты.
«Баңгизат каражаттарын издөө» багыттары боюнча эл аралык жеке эсептин жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Адистештирилген окутуу бажысынын улук инспектору Наталья Гладкова Фрея аттуу кызматтык ити менен экинчи орунду ээледи.
Бул жетишкендик Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын кинология бөлүмдөрүнүн даярдыгынын жогорку деңгээлде экендигин көрсөтүп, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүдө кызматтык иттерди колдонуунун натыйжалуулугун дагы бир жолу тастыктады.
Мамлекеттик бажы кызматы Наталья Гладкованы татыктуу сыйлыгы менен куттуктайт жана мындан аркы кызматында ийгиликтерди, ошондой эле жаңы кесиптик жетишкендиктерди каалайт.

.png)
.png)
