Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы алдыда боло турган бажы кызматынын кадрлар резервине сынак тууралуу маалымдайт

29.07.20251

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2025-жылдын 25-августунан баштап 30-сентябрын кошуп.

Документтерди кабыл алуу убакыты: саат 10.00-17.00 чейин (дүйшөмбү-жума).

Документтерди кабыл алуу жери: Бишкек ш., Байтик баатыр көчөсү 4а, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын имараты.

Сынакка Кыргыз Республикасынын жарандары катышууга укуктуу:

- 35 жаштан жогору эмес;

- башка өлкөнүн жарандыгы жок;

- жогорку билими бар;

- эркектер үчүн милдеттүү талап болуп аскер кызматын өтөө же запастагы офицер программасы боюнча аскердик окуу же үй-бүлөлүк шартка байланыштуу альтернативдик кызматты өтөө саналат.

Кийин, чектелген жаш куракка жеткенде укук коргоо органдарынан бошогон учурда, иштеген жылдарынын жалпы эсеби кызматкерлерди пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсия дайындоого укук берген шартта, укук коргоо органдарына кызматка кабыл алуу үчүн белгиленген жаш курактан өткөн, мурда Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында, Куралдуу Күчтөрүндө жана башка аскердик түзүлүштөрүндө кызмат өтөгөн адамдарды бажы кызматына кызматка кайрадан кабыл алууга жол берилет.

Квалификациялык талаптар:

- компьютердик сабаттуулук;

- кызматтык (функционалдык) милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилди билүүсү;

- мамлекеттик кызмат жана мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарды билүүсү;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу көндүмдөрү;

- ишти рационалдуу пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү жөндөмдүүлүгү;

- маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо жөндөмдүүлүгү;

- оор кырдаалдарда чечимдерди кабыл алуу жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик тартуу.

Зарыл документтер:

- жеке арыз;

- кадрларды эсепке алуу баракчасы;

- автобиографиялык реферат;

- баалары көрсөтүлгөн кошумча баракчасы менен жогорку билимин ырастоочу документ;

- эмгек китепчеси (кызматка биринчи жолу кирген жарандарды кошпогондо);

- аскердик билет (эркектер үчүн);

- паспорт (ID кард);

- талапкердин туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

- аты-жөнүн алмаштыргандыгы тууралу күбөлүк (эгерде мурда атын, атасынын атын фамилиясын алмаштырган болсо);

- никелешүү тууралуу күбөлүк (эгерде никеде турса);

- никени бузуу тууралуу күбөлүк (эгерде никеси бузулса);

- балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүк (эгерде балдары болсо);

- үчтөн кем эмес сунуш кат;

- сүрөт 9x12 (1 даана) жана 3x4 (4 даана) кызыл фондо;

- акыркы иштеген жеринен кадрлар бөлүмү тарабынан күбөлөндүрүлгөн кызматтык мүнөздөмө (эмгек стажы жок болгон учурда жашаган жери боюнча мүнөздөмө);

- жашаган жери боюнча терапевттен амбулатордук картасынан көчүрмө, № 27 форма (аскердик-дарыгердик комиссияга берилет);

- жакын туугандарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү (атасынын, апасынын, аялынын, күйөсүнүн, бир туугандарынын);

  - өлгөндүгү тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү (жакын туугандары каза болгон учурда);

- жакын туугандарынын паспортторунун көчүрмөлөрү (атасынын, апасынын, аялынын, күйөсүнүн, бир туугандарынын);

- аты-жөнүн алмаштыргандыгы тууралу күбөлүк (эгерде мурда атын, атасынын атын фамилиясын алмаштырган болсо).

  Кыргыз Республикасынын “Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” мыйзамынын 10-беренесинин 6-пунктунун 14-пунктчасына ылайык, талапкер укук коргоо органдарына кызматка кабыл алынбайт же иштей албайт, эгерде:

- талапкердин же кызматкердин жубайынын, ошондой эле жакын туугандарынын оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугу бар болсо, ошондой эле уюшкан кылмыштуулукка, терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уюшкан топтордун, кылмыштуу коомдоштуктардын, террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөлөрү деп таанылса.

Эскертүү:

- жеке документтерди электрондук форматта алуу үчүн мобилдик телефонуңузга “Түндүк” тиркемесин жүктөөнү сунуштайбыз.

- паспорттордун жаңы үлгүлөрүнүн ээлери жашаган жерин көрсөткөн маалымкат беришет (маалымкаттарды “Түндүк” тиркемесинен басып чыгарууга болот).

КӨҢҮЛ БУРГУЛА!!!

Тапшырылган документтердин тууралыгы жана аныктыгы үчүн

документтерди тапшырган талапкер жоопкерчилик тартат.