Кыргызстан бажы алымынан бошотуу менен кошумча 10 миң электромобил алып кирүүгө квота алды
12.08.20261
Кыргызстанга жарандар бажы алымын төлөбөстөн алып кире ала турган кошумча 10 миң электромобилге квота берилди.
Ушуну менен 2026-жылга карата электромобилдерге берилген жалпы квота 15 миңден 25 миңге чейин көбөйтүлдү.
Тиешелүү чечим 2026-жылдын 9-июлунда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин №79 чечими менен кабыл алынган. Ал 2026-жылдын 17-августунан тартып күчүнө кирет.
Тарифтик жеңилдик Кыргыз Республикасына алып келинүүчү «таза» электромобилдерге (ТЭИ ТН ЕАЭБдин 8703 80 000 3 коду) жана ырааттуу гибриддерге (ТЭИ ТН ЕАЭБдин 8703 80 000 5 коду) жайылтылат.
Жеңилдикти Кыргызстанда туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары пайдалана алышат.
Квотанын көбөйтүлүшү жарандарга электромобилдерди кыйла жеткиликтүү шарттарда сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүп, Кыргызстанда экологиялык таза транспортту өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.