Кыргызстан менен Кытай бажы чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүнү күчөтүп жатышат

22.05.20250

2025-жылы 21-майда “Борбордук Азия – Кытай” бажы кызматтарынын жетекчилеринин 2-жолугушусунун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы А.А. Салиев менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын министри Суй Мэйцзюнь айымдын эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар өткөрүү пункттарынын дараметин жогорулатуу, тобокелдиктер жана мыйзам бузуулар боюнча маалымат алмашуу, соода маалыматын биргелешип талдоо, “жашыл коридор” механизмин колдонууну кеңейтүү боюнча маанилүү маселелерди талкуулашты.

Кытай Эл Республикасынын “Торугарт” жана “Эркештам” чек ара пункттарын бара-бара күнү-түнү иштөө режимине өткөрүү боюнча макулдашуу жетишилди. Биринчи этапта Кытай тараптын Эркештам өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан чек ара пункттарынын ишин кайра кароону уюштуруу пландаштырылууда.

“Смарт бажы” концепциясынын алкагында жол-жоболорду санариптештирүү, тажрыйба алмашуу, ошондой эле чек ара инфраструктурасын өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Пайда болгон маселелерди ыкчам чечүү максатында тараптар өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери боюнча онлайн жолугушууларды өткөрүүгө даяр экенин ырасташты.