Кыргызстан менен Түркия бажы кызматташтыгын чыңдоодо
17.04.20250
2025-жылдын 15-апрелинде Венгриянын Будапешт шаарында Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын башчыларынын Биринчи расмйи эмес жолугушуусунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев менен Түркиянын Соода министринин орун басары Сезай Учармактын эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы товар жүгүртүүнү жогорулатуу маселелери талкууланды. 2025-жылдын 15-апрелинде күчүнө кирген Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Түркия Өкмөтүнүн ортосундагы “Бажы чек аралары аркылуу өткөрүлүүчү товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө алдын ала маалымат алмашуу жөнүндө” жана “Өз ара соодада бажы операцияларын жүргүзүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин уюштуруу жөнүндө” Протоколдорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулууда.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы маалымат алмашууну техникалык ишке ашыруу үчүн IT адистеринен турган жумушчу топ түзүүнү сунуштады. Тараптар кызматташууну мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин билдиришти. Түрк тарап Биргелешкен бажы кеңешинин кезектеги 3-отурумун 2025-жылдын октябрында өткөрүүнү сунуштады.

.jpeg)