Кыргызстанда кинологдордун тренинги жана эл аралык мелдештери

18.04.20251

  2025-жылдын 8-апрелинен 15-апрелине чейин Адистештирилген окутуу бажысы Европа Биримдигинин BOMCA-10 программасы менен кызматташуунун алкагында кинологдор үчүн маанилүү иш-чараларды өткөрдү.

8-апрелден 11-апрелге чейин кинологдор-инструктор үчүн кызматтык иттерди баңги заттарын издөөгө үйрөтүү боюнча тереңдетилген курс өткөрүлдү. Тренингдин жыйынтыгында бардыгына сертификаттар тапшырылды.

14-15-апрелде кинологиялык командалардын эл аралык мелдештери болуп өттү. Мелдешке Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстандын бажы жана чек ара кызматтарынын өкүлдөрү, ошондой эле Литва жана Латвиянын адистери төмөнкү багыттар боюнча катышты:

• Жол жүктөн баңгизаттарды издөө

• Бөлмөдө издөө

• Баш ийүү

Мелдеште башка катышуучулар менен катар Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү да өзгөчөлөндү:
• Мамлекеттик бажы кызматынын Кинологиялык даярдоо бөлүмүнүн башкы инспектору Тарасенко А.В. Энцо ити менен «Баш ийүү» номинациясында 1-орунга ээ болду.

• «Түндүк-Чыгыш» бажысынын БМЖККБнын кенже инспектору Муратбеков С.А. «Жол жүктөн баңгизаттарды издөө» номинациясында 3-орунга ээ болду.

Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында «Адистештирилген окутуу» бажысынын жаңы иттерди үйрөтүү аянтчасынын ачылышы болду. Ал кинологиялык кызматты мындан ары өнүктүрүү үчүн маанилүү ресурсу болуп калат.  

Өткөрүлгөн иш-чаралар эл аралык кызматташтыкты чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө тартылган кинологдордун кесиптик деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт.