Кыргызстандын бажы жана чек ара органдарынын кызматкерлери жумуш ордунда окутуу курсунан өтүштү

07.10.20260

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Адистештирилген окутуу бажысында Кыргыз Республикасынын бажы жана чек ара органдарынын кызматкерлери үчүн үч күндүк «Жумуш ордунда окутуунун негиздери» курсу жыйынтыкталды.

Окутуу АКШнын Энергетика министрлигинин Ядролук коопсуздук боюнча улуттук башкармалыгынын (НАНБ/DOE) «Ядролук материалдардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн аныктоо жана алдын алуу» программасынын башкармалыгынын колдоосу менен өткөрүлдү.

Курстун жүрүшүндө катышуучулар жумуш орундарында окутуунун жана насаатчылыктын заманбап ыкмаларын, кесиптик көндүмдөрдү баалоо ыкмаларын, ошондой эле практикалык тажрыйбаны өткөрүп берүүнүн натыйжалуу куралдарын үйрөнүштү. Контролдук-өткөрүү пункттарында иштин өзгөчөлүктөрүнө жана радиациялык коопсуздук менен улуттук коопсуздукту камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Мындай биргелешкен окутуу иш-чараларын өткөрүү кызматкерлердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы коопсуздук системасын өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт.