«Кызыл-Бел» жана «Кызыл-Кыя» өткөрүү пункттарын модернизациялоо маселеси талкууланды
12.09.20250
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев «Баткен» бажысына жумушчу сапарынын алкагында инфраструктуралык объектилерди көрүп, «Кызыл-Бел» жана «Кызыл-Кыя» өткөрүү пункттарын реконструкциялоонун жүрүшүн талкуулады.
МБКнын башчысы өткөрүү пункттарынын инфраструктурасын модернизациялоо бажы кызматын өнүктүрүүнүн маанилүү багыты экенин баса белгиледи. Алмаз Салиев «Баткен» бажысына өткөрүү пункттарын реконструкциялоо боюнча долбоордук документтерди даярдоону тездетүү үчүн долбоорлоочу уюм менен тыгыз кызматташууну камсыз кылууну тапшырды.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы ошондой эле бир катар кошумча тапшырмаларды берди:
• жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз шарттарды түзүү жана экспорттук/импорттук транспорт каражаттарынын агымын бөлүү, “Кызыл-Кыя” өткөрүү пунктун реконструкциялоо эскиздик долбоорунун алдын ала талкуулоо жана макулдашуу үчүн Өзбекстан Республикасынын Бажы кызматынын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды уюштуруу;
• «Кызыл-Кыя» өткөрүү пунктунун аймагын кеңейтүү жана реконструкциялоо үчүн «БИ» мамлекеттик ишканасы «Айыл Көмөк» ААКсына тиешелүү 0,70 га жер тилкесин «Баткен» бажысынын балансына кабыл алууну тездетүү,
Көрүлгөн чаралар өткөрүү пункттарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, жарандар жана ишкерлер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле бажы кызматынын инфраструктурасын андан ары өнүктүрүүгө багытталган.