Мамлекеттик бажы кызматы бажы чек арасы аркылуу прекурсорду мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт койду

04.08.20260

«Баткен» бажысынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы менен биргеликте бажы чек арасы аркылуу прекурсорду мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт койду.
Бажылык көзөмөл жүргүзүү учурунда Өзбекстан Республикасынын Таш-Төбө анклавын көздөй бара жаткан, Өзбекстан Республикасынын жараны башкарган Ford Transit үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган.
Транспорт каражатына бажылык текшерип кароо жүргүзүүдө ичинде кычкылдыкка мүнөздүү жыты бар суюктук куюлган көлөмү 20 литр болгон пластик идиш табылган. Аталган зат товарды коштоочу документтерде көрсөтүлгөн эмес.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат жалпы салмагы 29 кг 811,5 г, концентрациясы 80 пайыздан жогору болгон күкүрт кислотасы (прекурсор) экендиги аныкталган.
Аталган факты боюнча материалдар Кыргыз Республикасынын УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 285-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштеринин алкагында Өзбекстан Республикасынын эки жараны жана Кыргыз Республикасынын бир жараны кармалды.
Андан тышкары, Баткен облусунун Кадамжай районунун Арпа айылындагы цехте жүргүзүлгөн тинтүү учурунда ичинде болжол менен кычкылдыкты камтыган суюктугу бар көлөмү 5 литрлик дагы бир пластик идиш табылды. Табылган зат соттук-химиялык экспертизага жөнөтүлдү.
Учурда иштин бардык жагдайларын аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары улантылууда.