Мамлекеттик бажы кызматы эскертет: телефон аркылуу жасалган алдамчылык фактылары көбөйүүдө
28.07.20260
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жарандарга телефон аркылуу жасалган алдамчылык фактылары көбөйүп жаткандыгы тууралуу эскертет.
Белгисиз адамдар жарандарга телефон чалып, өздөрүн Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери, МБКнын жетекчилиги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана Улуттук банкынын кызматкерлери катары тааныштырууда.
Мындан тышкары, алдамчылар WhatsApp, Telegram жана башка мессенджерлерде МБКнын жетекчилигинин сүрөттөрүн, аты-жөнүн жана кызмат ордун колдонуу менен жасалма аккаунттарды түзүп жатышат. Алар жарандардын ишенимине кирүү максатында жетекчилердин атынан билдирүүлөрдү жөнөтүп, мыйзамсыз аракеттерди жасоого үндөшүүдө.
Сүйлөшүү же кат алышуу учурунда алдамчылар пенсиялык төлөмдөр түшүүчү эсептерде көйгөйлөр жаралганын, текшерүү жүргүзүлүп жатканын же өздүк делолорду алуу иштери жүрүп жатканын айтып, жарандарды акча каражаттарын алар көрсөткөн «коопсуз» же «атайын» эсептерге которууга көндүрүшөт.
Мамлекеттик бажы кызматы расмий түрдө билдирет:
- МБКнын кызматкерлери, анын ичинде жетекчилик өкүлдөрү, жарандарга акча которуу талабы менен телефон чалышпайт жана билдирүү жөнөтүшпөйт;
- МБК банк карталарынын реквизиттерин, PIN-коддорун, CVV-коддорун, SMS аркылуу келген ырастоо коддорун жана сыр сөздөрдү сурабайт;
- МБК акча каражаттарын которуусу үчүн «коопсуз», «резервдик» же «атайын» эсептерди ачпайт.
Эгер сизге ушундай чалуу же билдирүү келсе:
- дароо сүйлөшүүнү же кат алышууну токтотуңуз;
- жеке маалыматтарыңызды жана банктык реквизиттериңизди билдирбеңиз;
- белгисиз адамдар көрсөткөн эсептерге акча которбоңуз;
- зарыл болгон учурда банкка расмий телефон номери аркылуу өз алдынча кайрылыңыз же укук коргоо органдарына кайрылыңыз.
Мамлекеттик бажы кызматы жарандарды сак болууга, расмий маалыматтарга гана ишенүүгө жана жакындарын, өзгөчө улгайган адамдарды ушундай алдамчылык схемалары тууралуу эскертүүгө чакырат.
