Мамлекеттик бажы кызматы маалымдайт

21.04.20250

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы МБКнын 2024-жылдын 18-ноябрындагы №1095-л буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын жараны Сыдыков Ринат Тельманович бажы кызматынан бошотулгандыгын маалымдайт.

Р.Т. Сыдыковдун кызматтык ишмердигинин токтотулушуна байланыштуу, мурда берилген бардык кызматтык документтер –№1367 күбөлүгү, ошондой эле №0738 өздүк номерлүү төш белгиси жараксыз деп эсептелет жана колдонууга жатпайт.

Көрсөтүлгөн документтерди колдонуу менен бул адамдын атынан жасалган ар кандай аракеттер мыйзамсыз болуп саналат.