Мамлекеттик бажы кызматында кызматкерлерди аттестациялоо улантылууда
29.06.20260
2026-жылдын 26-июнунда «Ош» бажысында кызматкерлердин ээлеген кызмат ордуна шайкештигин баалоого багытталган аттестация өткөрүлдү.
Иш-чарага «Ош», «Баткен» жана «Жалал-Абад» бажыларынан 53 кызматкер катышты.
Аттестация тестирлөө түрүндө жүргүзүлөт. Жыйынтык чыгарууда кызматкерлердин дене тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди тапшыруунун жыйынтыктары да эске алынат.
Аттестациянын жыйынтыгы боюнча:
• 23 кызматкер ээлеген кызматына ылайык деп табылып, жогору турган кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүүгө сунушталды;
• 24 кызматкер ээлеген кызматына ылайык деп табылды;
• 6 кызматкер кайра аттестациядан өтүүгө жөнөтүлдү.
Аттестацияны өткөрүүнүн негизги максаты – кызматкерлердин кесиптик даярдык деңгээлин объективдүү баалоо, алардын мындан аркы кызматтык өсүү мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо, кадрдык потенциалды чыңдоо жана Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.
