Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке катышты
19.09.20260
2026-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке катышып, бекитилген аймактарында көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерин жүргүзүштү.
МБКнын Борбордук аппаратынын кызматкерлери административдик имаратка караштуу аймакта тазалоо иштерин жүргүзүштү.
«Манас» бажысынын, «Бишкек» эркин экономикалык зонасы” бажысынын, «Түндүк» темир жол бажысынын жана Түндүк-Чыгыш бажысынын кызматкерлери Ала-Арча суу сактагычынын аймагында көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерин жүргүзүштү.
«Нарын», «Ош», «Жалал-Абад», «Баткен» бажылары, ошондой эле «Адистештирилген окутуу бажысы бекитилген аймактарда жана жайгашкан жерлеринде тазалык иштерин уюштурушту.
Ишембиликти өткөрүү тазалыкты жана тартипти сактоого, экологиялык маданиятты калыптандырууга, айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого жана эмгекти урматтоого багытталган.
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)

.jpeg)

.jpeg)


.jpeg)


.jpeg)

.jpeg)
.jpeg)


.jpeg)
