Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы «Эркештам» өткөрүү пунктун модернизациялоонун жүрүшүн текшерди

15.09.20250

2025-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Эркештам» автомобиль өткөрүү пунктуна барды. Иш сапардын максаты - өткөрүү пунктун модернизациялоонун жүрүшүнө контрол жүргүзүү, келип жаткан жүк ташуучу унаалардын санын көбөйтүү жана учурдагы көйгөйлөрдү чечүү болуп саналат.

Иш-чарага «Ош» бажысынын, МБКга караштуу «БИ» МИнин жетекчилери, подряддык уюмдардын, ошондой эле өткөрүү пункттарынын инфраструктурасын курууга жана реконструкциялоого катышкан компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Иш сапардын жыйынтыгында бажы кызматынын башчысы төмөнкү тапшырмаларды берди:

- инспекциялык-тыкыр кароо комплексинин курулушун тездетүү;

- суук түшкөнгө чейин кызматтык турак жайдын курулушун бүтүрүү;

- экспорттук пунктту курууда транспорттун коопсуз жана үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыз кылуу;

- жол катмарынын жана тосмонун сапатын жана бекемдигин жогорулатуу үчүн унаа токтотуучу жайдын долбоордук параметрлерин тууралоо боюнча сунуштарды эске алуу.

Мындан тышкары, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы жүк ташуучулар менен жолугушту. Ал модернизациялоо пландарын жана электрондук кезек системасын ишке киргизүү аркылуу күтүү убактысын кыскартуу, жүк ташуучулар үчүн кыймылдын ыңгайлуулугун жогорулатуу боюнча маалымат берди. Ташуучулар бажылык жол-жоболоштурууну тездетүүчү «Смарт бажы» программасын ишке ашырууга оң баа беришти.

Долбоорду ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулоо үчүн 2025-жылдын 16-сентябрында Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук аппаратында (Бишкек шаары) кызыкдар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен кошумча жолугушуу өткөрүү чечими кабыл алынды.