«Манас» аэропорту аркылуу жапайы куштардын олжолорун мыйзамсыз алып чыгуу фактылары аныкталды
23.04.20250
Мамлекеттик бажы кызматынын ыкчам кызматкерлери КР УКМК менен биргеликте «Манас» эл аралык аэропорту аркылуу жаңы кармалган жапайы канаттуулардын олжолорун мыйзамсыз алып чыгуу аракетин аныкташты.
Бишкек-Стамбул-Мальта авиакаттамы менен учуп чыгып жаткан жүргүнчүлөрдү бажы көзөмөлүнөн өткөрүүдө Мальта Республикасынын жарандарынын жүгүн рентген аппаратынын жардамы менен текшерип кароодо шектүү буюмдар аныкталган.
Чет элдик туристтердин жеке жүгүн текшерип кароодо бажы контролунан жашырылган жана белгиленген тартипте декларацияланбаган жапайы куштардын 65 нускасы (анын ичинде: кайырма, кыл куйрук өрдөк, кызыл төш жана кадимки почард өрдөк, тоо чулдук ж.б.) табылган.
Мындан тышкары, чет элдик жарандар тарабынан жалган маалыматтарды камтыган жана анын аныктыгын текшерүүгө жаткан документтер берилген.
Жапайы канаттуулардын олжолору алынып, «КММ» ЖАКтын атайын бөлүнгөн жайына жооптуу сактоого коюлду. Факт КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укуктук баа берүү жана чечим кабыл алуу үчүн УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
Видео: «Манас» аэропорту аркылуу жапайы куштардын олжолорун мыйзамсыз алып чыгуу фактылары аныкталды
.jpeg)
.jpeg)