«Манас» аэропортунда чет өлкөлүк валютада акча каражаттарын мыйзамсыз ташып чыгуу фактысына бөгөт коюлду

10.07.20260

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу чет өлкөлүк валютада акча каражаттарын мыйзамсыз өткөрүү фактысы аныкталды.
Аныкталгандай, «Манас» эл аралык аэропортунда бажы көзөмөлүнөн өтүү учурунда Өзбекстан Республикасынын жараны «А.А.У.» Кыргыз Республикасынан бажылык декларациялоосуз жана ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу акча каражаттарын өткөрүүнүн белгиленген тартибин бузуу менен 28 160 (жыйырма сегиз миң жүз алтымыш) АКШ долларын мыйзамсыз ташып чыгууга аракет кылган.
Факт боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.