«Манас» бажысы алтынды мыйзамсыз алып чыгуунун эки аракетине бөгөт койду
31.07.20260
«Манас» бажысынын кызматкерлери ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарды мыйзамсыз өткөрүүгө байланыштуу эки фактыны аныкташты.
Бишкек - Стамбул багытындагы каттамдын жүргүнчүлөрүн бажылык контролдон өткөрүү учурунда Кыргыз Республикасынын жаранынын уюлдук телефонундагы батареясынын артында жалпы салмагы 38,88 грамм болгон (999,9 үлгүдөгү) 12 даана алтын пластина табылган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө бул жаран телефондун ичинде алтын бар экенин билбегени аныкталган. Баалуу металлды мыйзамсыз өткөрүүнү башка жаран уюштуруп, ал Түркия Республикасына жеткирүү үчүн үчүнчү жактар аркылуу уюлдук телефонду берип жиберген.
Уюштуруучу бажы төлөмүн эки эселенген өлчөмдө — 360 668 сомду өз ыктыяры менен төлөп берди, ошондой эле алынган алтын буюмдарын мамлекеттин пайдасына баш тартуу тууралуу арыз менен кайрылды. Зыяндын орду толтурулуп, мыйзам талаптары аткарылгандыгына байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынды. Алынган буюмдар «Мамлекеттин пайдасына баш тартуу» бажы жол-жобосуна жайгаштыруу үчүн өткөрүлүп берилди.
Мындан тышкары, Бишкек — Стамбул багытындагы каттамынын жүргүнчүсүн текшерип кароо учурунда Өзбекстан Республикасынын жаранынан бут кийиминин таманына жашырылган курамында алтындын өлчөмү жогору болгон 124 грамм порошок түрүндөгү зат табылган.
Аталган затты бажы контролунан жашырып, белгиленген тартипте декларацияланган эмес. Соттук экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган үлгүлөрдүн курамында тазалыгы 99,61 % жана 99,64 % алтын бар экени аныкталган, бул 996,1 жана 996,4 үлгүлөрүнө туура келет.
Тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча жана соттун чечиминин негизинде мамлекетке келтирилген зыян толугу менен өндүрүлдү, алынган порошок түрүндөгү зат мамлекеттин кирешесине өткөрүлдү. Төлөнгөн бажы төлөмүнүн суммасы 945 107 сомду түздү.
Мамлекеттик бажы кызматы жарандарга эскертет: чек арадан өткөрүү үчүн башка адамдардын буюмдарын алардын ичинде эмне бар экенин текшербей туруп албаңыздар. Алардын ичинде декларацияланбаган же тыюу салынган товарлар болушу мүмкүн, мындай аракеттер үчүн мыйзамда жоопкерчиликтер каралган.
.jpeg)
%20(1).jpeg)
.jpeg)