«Манас» бажысы психотроптук заттарды жана күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт койду

09.07.20260

2026-жылдын башынан тартып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын «Манас» бажысынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте психотроптук заттарды жана күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз ташып кирүүгө жасалган бир катар аракеттерге бөгөт коюшту.
Ыкчам-алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө 14 чет өлкөлүк жаран кармалды: Пакистан Ислам Республикасынан - 6, Индия Республикасынан - 4, Бангладеш Эл Республикасынан -  3 жана Америка Кошмо Штаттарынан - 1 жараны.
Мыйзамсыз жүгүртүүдөн курамында психотроптук заттарды жана күчтүү таасир этүүчү компоненттерди камтыган 600 таблетка, 150 капсула жана спрей түрүндөгү 10 дары каражаты алынган.
Учурда аныкталган бардык фактылар боюнча укук бузуулардын бардык жагдайларын, ошондой эле тыюу салынган заттарды мыйзамсыз ташып келүү каналдарын аныктоого багытталган тергөө жана процесстик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Мамлекеттик бажы кызматы баңгизаттардын, психотроптук заттардын жана күчтүү таасир этүүчү дары-дармектердин мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы системалуу иштерди улантууда.
МБК эскертет: баңгизаттарды, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун, прекурсорлорун жана күчтүү таасир этүүчү заттарды мыйзамсыз алып кирүү, сактоо, ташуу, даярдоо, сатуу жана башка мыйзамсыз аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылууга алып келет

Видеону толук көрүү үчүң басыңыз