«Манас» бажысында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча алдын алуучу иштер жүргүзүлдү
03.06.20260
«Манас» бажысында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Ички иликтөө башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусунда коррупцияга каршы алдын алуу иш-чарасы өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө коррупцияга каршы мыйзамдардын актуалдуу талаптары, кызматтык этиканын ченемдери жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу чаралары талкууланды. Ар бир кызматкердин жеке жоопкерчилигине, кызматтык тартипти сактоого жана бажы кызматынын ишине жарандардын ишенимин бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулду.
Мындай иш-чаралар ачык-айкын, натыйжалуу жана мыйзамдуулукка багытталган мамлекеттик кызматты калыптандыруу боюнча системалуу иштердин маанилүү бөлүгү болуп саналат.