МБК биринчи кварталдын жыйынтыгын чыгарды: санариптештирүүдөгү ийгиликтер жана планды ашыра аткаруу
25.04.20250
2025-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук аппаратында 2025-жылдын биринчи кварталына карата ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиянын отуруму өттү. Отурумдун жүрүшүндө буга чейинки коллегиянын чечимдерин аткаруу, республикалык бюджетке бажы төлөмдөрүнүн түшүү планын аткаруу, ошондой эле бажы процесстерин санариптештирүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралды.
Мамлекеттик бажы кызматы 2025-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча 31,1 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздады, белгиленген болжол боюнча 30,8 млрд сом. План 288,5 млн сомго (100,9%) ашык аткарылган, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүш 1,8 млрд сомду (106,3%) түздү. Бардык бажы органдары болжолдуу көрсөткүчтөрдүн 100% аткарылышын камсыз кылышты.
Санариптик трансформациянын алкагында отчеттук мезгилде төмөнкү негизги иш-чаралар аткарылды:
• «Достук» өткөрүү пунктунда «Интеллектуалдык өткөрүү пункту» пилоттук долбоору ишке киргизилди;
• үчүнчү өлкөлөрдөн импортту талдоо үчүн «АКФ» модулу ишке киргизилди;
• ЕАЭБ алкагында жаңы түзүмдөргө жана форматтарга өтүү максатында МБКнын маалыматтык системаларын толуктап иштеп чыгуу жана жаңылоо боюнча иштер жүргүзүлдү;
• «Кызыл-Кыя автожол» өткөрүү пунктунда электрондук кезек киргизилди;
• «Кайрагач», «Кызыл-Бел», «Кең-Сай» өткөрүү пунктарында «Санарип тамга» жана «Каттоо» системаларынын масштабы кеңейтилди;
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы А.Салиев бажылык башкарууну санариптештирүүнүн жана бажы процесстерин жөнөкөйлөтүүгө багытталган инновациялык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштерди күчөтүү, бажы эрежелерин бузууларга бөгөт коюу жана II-кварталга бажы төлөмдөрү боюнча пландын 100% аткарылышын камсыздоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Коллегиянын отурумунун жыйынтыгы боюнча МБКнын биринчи кварталдагы иши канааттандырарлык деп табылды.