МБК эки жүк ташуучу автоунааны мыйзамсыз каттоо фактысын аныктады: мамлекетке келтирилген 3,1 млн сомдон ашык зыяндын орду толтурулду
06.07.20260
КРдин Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери КРдин аймагында 2012-жылы чыгарылган DAF үлгүсүндөгү эки жүк ташуучу автоунаанын баштапкы мамлекеттик каттоодон мыйзамсыз өткөрүү фактысын аныкташты.
Транспорт каражаттары Россия Федерациясынан сатып алынган деген документтердин негизинде мамлекеттик каттоого алынгандыгы аныкталган. Ошону менен бирге РФтин компетенттүү органдарынын маалыматына ылайык, бул автоунаалар бажылык тариздөөдөн өткөн эмес, ошондой эле РФ ИИМдин каттоосуна алынбаганы жана каттоодон чыгарылбаганы белгилүү болгон.
Текшерүүнүн жыйынтыгында эки транспорт каражатынын төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасы 3 109 932 сомду түзгөн. Аталган факты боюнча материалдар КРдин мыйзамдарына ылайык процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында мамлекетке келтирилген зыян толугу менен толтурулду.


.jpeg)