МБК Электрондук декларациялоо борборунун курулушун баштады — убакыт капсуласы салынды
15.04.20260
2026-жылдын 13-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилиги тарабынан Электрондук декларациялоо борборунун курулушунун башталышына карата убакыт капсуласы салынды.
Электрондук декларациялоо борборун түзүү Кыргыз Республикасынын бажы системасын өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болуп саналат. Анын ишке кириши бажылык тариздөөнү толугу менен электрондук форматка өткөрүүгө, адам факторунун таасирин минималдаштырууга жана бажылык администрациялоонун бардык процесстерин комплекстүү санариптештирүүгө мүмкүндүк берет.
Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн ар бир катышуучусу документтерди жеке кабинет аркылуу онлайн режимде тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Бул долбоорду ишке ашыруу заманбап, технологиялык жана ачык бажы системасын түзүүгө багытталган «Смарт Бажы» улуттук программасын ишке киргизүүнүн жыйынтыктоочу этабы болуп эсептелет.
МБКнын тарыхында биринчи жолу мындай ири масштабдагы долбоордун курулушу башка маанилүү объекттер менен бирге республикалык бюджеттин каражаттарын тартпастан, «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААК тарабынан бажыга байланыштуу кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн кирешенин эсебинен каржыланууда.
Аталган объект МБКнын туруктуу өнүгүүсүнүн символу болуп, мамлекет, коом жана бизнес ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кыйла жөнөкөйлөтүүгө шарт түзөт.
.jpeg)


.jpeg)

