МБК кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин иликтеп жатат
11.08.20260
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгы тарабынан бажы органдарынын биринин кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши иликтенүүдө.
Иликтөөнүн божомолу боюнча, 2026-жылдын июль айында бажы кызматынын инспектору К.у.Т. (аты-жөнүнүн баш тамгалары өзгөртүлдү) үчүнчү өлкөлөрдөн алып келинген товарга бажылык текшерүү жүргүзүү учурунда анын иш жүзүндөгү мүнөздөмөлөрүн көрсөтпөстөн, бажылык текшерүүнүн актысына товардын билдирилген маалыматтарга шайкештиги тууралуу маалыматтарды киргизген.
Натыйжада мамлекетке 5 млн 686 миң 218 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.
К.у.Т. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн айыпталып, ага карата соттун чечими менен бөгөт коюу чарасы катары №1 тергөө абагына камакка алуу колдонулган.
Учурда кылмыш жасоого тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.