МБК УСКдан жүк ташуучу унааларды мыйзамсыз чыгарууга бөгөт койду
30.04.20261
Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан «Кант» убактылуу сактоо кампасынан транспорт каражаттарды мыйзамсыз алып чыгуу фактысы аныкталды.
Европа биримдигинин өлкөлөрүнөн бажы транзити жол-жобосу менен киргизилген VOLVO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаалар жана WIELTON үлгүсүндөгү чиркегич транзит аяктагандан кийин бажылык тариздөө жана бажы төлөмдөрү төлөнгөгө чейин сактоодо турууга тийиш болгон.
Андан ары инвентаризация жүргүзүү учурунда аталган транспорт каражаттарынын кампада жок экендиги аныкталган. Текшерүүнүн жыйынтыгында транспорт каражаттары ээлеринин өкүлүнүн катышуусунда бажылык тариздөөсүз жана бажы төлөмдөрү төлөнбөстөн мыйзамсыз чыгарылып кеткендиги белгилүү болду.
Ошол эле күнү Токмок шаарында чет өлкөлүк мамлекеттик номерлери бар төрт жүк ташуучу унаа табылып, кармалган. Транспорт каражаттары кайра кампага киргизилди.
Төлөнбөй калган бажы төлөмдөрүнүн суммасы 6,2 млн сомдон ашыкты түзгөн. Материалдар МБКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Мамлекетке келтирилген 6 294 455 сом өлчөмүндөгү зыян толугу менен мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү.

