МБКда гендердик теңчилик боюнча семинар өткөрүлдү

07.04.20260

Адистештирилген окутуу бажысынын базасында БДБУнун CLiKC платформасында «Гендердик теңчилик» темасында окуу семинары өткөрүлдү. Семинарга бажы кызматынын 10 кызматкери катышты.

Лектор болуп АОБдун ОМИБдин башкы инспектору Алтынбекова Л.  чыкты. БДБУ CLiKC платформасында курсун өткөрүүдө кызматкерлерге техникалык колдоону А. Итикеев камсыздады.

Иш-чара мамлекеттик башкаруу системасында гендердик аспекттерди түшүнүүнү өнүктүрүүгө, кызматкерлердин кесипкөй компетенцияларын жогорулатууга жана инклюзивдүү иш чөйрөнү калыптандырууга багытталган. Семинар учурунда катышуучулар мамлекеттик органдардын натыйжалуулугуна жана кабыл алынган чечимдердин сапатына гендердик баланс кандай таасир этери тууралуу талкуу жүргүзүштү.

Өзгөчө көңүл практикалык колдонууга, гендердик теңчиликтин принциптерин иш жүзүндө колдонууга, эл аралык тажрыйба жана БДБУ тарабынан аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана кесиптик өнүгүү үчүн тең шарттарды түзүүгө багытталган демилгелерди изилдөөгө бөлүндү.

Окуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын 2026-жылга карата кызматкерлерин окутуу планын эске алуу менен өткөрүлдү.